Аба ырайы: кар жаайт

Бишкек шаары. Архив.

Шашылыш билдирүү:

9-12-декабрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 …+2, күндүз 3…8°, Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…-8°, күндүз-2…+3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз-3…-8° болушу күтүлөт.

12-14-декабрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -18…-23°, күндүз -10…-15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

8-декабрдын аба ырайы:

8-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Нарын облусунда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 3…5° болот.

Дагы караңыз

Журналисттер Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызы суракка чакырылдыЭлчи Клара Саматтын ишине сын ТИМде каралганы айтылдыУкраиналык экс-депутаттын сөөгү Подмосковьеде табылдыЧет өлкөдө жазасын өтөп жаткан 100дөн ашуун адам экстрадицияланды