Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады.
Юрист Канатбек Азиз бул кызматка 2022-жылы август айында дайындалган.
2011-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болгон. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү жана анын мүчөлөрүнүн жактоочусу, парламенттеги фракциянын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2018-жылы “атамекенчилер” аны акыйкатчы кызматына сунуштап, бирок Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш ала алган эмес.
Канатбек Азиз 2020-жылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда коррупциялык схема түзгөн деп соттолгон Райымбек Матраимовдун адвокаты болгон. Ошол эле жылы Матраимовдорго байланышы бар делген “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (BTo)
Дагы караңыз
Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилдиAI: Иран коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларга чыккандарды зордуктаган Президенттин Оштогу өкүлү тууну алмаштырууга негиз жок экенин айттыБишкекте "Тазалыктын" беш кызматкери тамакка ууландыСот Олжобай Шакирге айыбын угузду Украин армиясы 41 "Шахед" дрону жок кылынганын билдирдиБаткенде аткезчилик күч алганы айтылды Каракорум жолу аркылуу Пакистандан Кыргызстанга жүк ташыла баштады