Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Бишкекте "Тазалыктын" беш кызматкери тамакка ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы “Wok лагман” тез татым жайынан тамактанган беш киши ууланды.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, алар “Тазалык” муниципалдык кызматынын кызматкерлери болгон.

Тамакка ууланганы боюнча алгачкы белгилер 4-декабрда түнү байкалган. Жабыркагандар дарыгердин жардамын алышкан. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында алар тамак-аштан ууланганы аныкталган.

Тамакка ууландардын абалы жакшы, алар ошол эле күнү үйлөрүнө кетишкен.

“Wok лагман” тамактануу жайында текшерүү жүрүп, санитардык талаптар сакталбаган деген негизде 23 миң сом айып салынган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда, үй шартында даярдалган тамак-ашка жапырт ууланган учурлар болгон.

Аталган мекеме жарандарды мындай учурлардын алдын алууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG