Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттер бул иш боюнча соттук териштирүүнүн создугушу тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун сөздөрүнө жооп берди. Алардын катында “шектүүлөр камерадан чыкпай коюуда” деген калп экени, мындай окуя бир да жолу болбогону жазылган.
“Кемпирабадчылар камерадан чыкпай койсо”, “сотко келбей койсо” №1 тергөө абагынын, Конвой департаментинин кызматкерлери акт түзөт, тергөө абагында да, сот залында да видео жазууга жазылат. Бул көрсөткүчтөр сиздин жалган маалымат таратып атканыңызды бат эле далилдеп коёт. “Кемпирабадчылар” бир да жолу камерадан чыкпай коюп, сотко келбей калган учуру болгон эмес. Принципиалдуу түрдө судья Марат Сыдыковдон ачык сот өткөрүүнү талап кылып келебиз. Ушул маселе боюнча көп учурда талаш-тартыш жаралат”, - деп айтылат катта.
Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу суроого да жооп берген. Ал “Сот процессинин мынчалык создугуп жатышынын негизги себебин эмнеде?” деген суроого мындайча жооп берген:
“Анын көп себептери болууда. Сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү себепкер болууда. Мисалы, кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей койууда. Мунун баарын прокуратура жакшы билет”, - деген Замирбек Базарбеков.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (BTo)
Дагы караңыз
Эдил Байсалов Бишкектин аянты үч эсеге кеңейерин айттыЧет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1400 жараны абакта жататФутбол: Азия Кубогуна бара турган футболчулардын тизмеси жарыяланды Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияландыАКШ Москва жана Минскиге карата санкцияларын кеңейтти Парламентте Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү