Министрлер кабинети мамлекеттик тууну өзгөртүүгө макулдугун берди

Сол жагындагы Кыргызстандын азыркы желеги, оң тарабындагы сунушталып жаткан долбоор.

Министрлер кабинети "Мамлекеттик туулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү" боюнча мыйзам долбооруна карата корутундусун берип, жалпысынан тууну өзгөртүүгө макулдугун берди.

Өкмөттүн корутундусунда туунун долбоорунда так эместиктер бары белгиленип, аны оңдоо сунушталган. Желектин сунушталып жаткан схемасында түндүк менен күн жебелеринин өлчөмдөрүндө так эместиктер бардыгы, бул желектин узун-туура өлчөмүнө таасир этери белгиленген.

Мындан тышкары Министрлер кабинети "Мамлекеттик туулар тууралуу" мыйзамдын 9-беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык:

  • 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болот.
  • 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн мөөнөтү чектелбеген документтер аларды алмаштыруу тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын чечими чыкканга чейин жарактуу болот.
  • 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн жарандардын улуттук паспорту - 2004-жылкы, 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карт, 2006-жылкы, 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт, 2007-жылкы, 2020-жылкы үлгүдөгү кызматтык жана дипломаттык паспорт, айдоочулук күбөлүктөр мөөнөтү аягына чыкканга чейин жарактуу болот.
  • Автоунаалардын 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн номурлары, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын чечими чыкканча жарактуу болот.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталдыККМге каршы соодагерлер Горький гүлбагына акцияга чыгыштыПутин абактагы айрым аялдарга мунапыс берүү демилгесин колдодуКаптагаев: Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек