Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Путин абактагы айрым аялдарга мунапыс берүү демилгесин колдоду


Ева Меркачёва.
Ева Меркачёва.

Орусиянын президенти Владимир Путин Адам укугу кеңешинин жыйынында зомбулуктан тыш кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отурган айрым аялдарга мунапыс берүү демилгесин колдоду. Аялдарга мунапыс берүүнү кеңештин мүчөсү Ева Меркачёва сунуштаган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдар маалымдагандай, Меркачёва баяндамасында мунапыс сураган аялдардын катарында "Коммерсант" басылмасынын мурдагы кабарчысы Александра Баязитованы да атаган. Ал жакында эле сот чечими менен пара талап кылууга айыпталып, беш жылга камалган. Жабырлануучу тарап ага шарттуу жаза сураган.

"Сиз келтирген мисалдар ынандырарлык. Менимче тийиштүү чечимдерди, анын ичинде айрым категориядагы аялдарга мунапыс берүү чечимин кабыл алуу керек", - деди Путин.

Меркачёванын баяндамасында сүрөтчү Саша Скочиленко, режиссёр Евгения Беркович жана драматург Светлана Петрийчук тууралуу айтылганы белгисиз.

Меркачёва былтыр президент Путинге зомбулуктан тышкары кылмышка айыпталган аялдарды тергөө абагына камабоону өтүнүп кайрылган. Президент бул суроонун үстүндө иштөөнү тийиштүү тараптарга тапшырууну убада кылган.

  • 16-ноябрда Петербург облусундагы Василеостров райондук соту сүрөтчү Саша Скочиленкону орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратууга айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан. Буга сүрөтчүнүн согушка каршы акциясы негиз берген. Сүрөтчү дүкөндөрдөгү товарлардын баасы жазылган кагаздарды согушта өлгөн аскерлердин саны жазылган кагаздарга алмаштырып, Украинадагы согушту токтотууга чакыргандан кийин тергөө абагында бир жарым жылдай кармалган.
  • Евгения Беркович менен Светлана Петрийчукка каршы терроризмди ачык актоо боюнча кылмыш иши майдын башында козголгон. Алар ошол убактан бери тергөө абагында жатат. Режиссер Беркович драматург Петрийчуктун "Финист Ясный Сокол" спектаклинде орусиялык кыз-келиндердин исламчыл экстремисттерге турмушка чыгып, андан ары террордук "ИМ" тобунун катарына азгырылышы тууралуу көрсөтүлгөн. Пьесанын мазмуну жашоодон алынган.

XS
SM
MD
LG