УКМК Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди

Мамлекетке кайтарылды делген жерлер. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда маркум Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Н.Р.Р. аттуу адам 2022-жылы “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 гектар айдоо жерди ижарага алуу боюнча келишим түзгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларында ал тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский айылынан 80 гектар жана Семеновский айылынан 35 гектар жерди пайдаланганы аныкталган. Н.Р.Р. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, тоют өстүрүп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келгени такталган.

Ысык-Көл районундагы сөз болуп жаткан 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Анын ичинде Ысык-Көлдө жайгашкан эс алуу жайлары, Бишкекте салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер, кымбат баалуу асыл тукум жылкылар, чопкутталган автоунаалар бар. (BTo)

Дагы караңыз

Түркмөнстанда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов кармалдыКазакстанда журналист жубайлар соттолду4-декабрь: Ташиев, Ятимовдун сүйлөшүүсү, Өзбекстандагы “караларга” каршы операцияПрезидент Жапаров бийлик "паспорт мафиясы менен күрөшүп жатканын" айттыАк үй: Киевге жардамга бөлүнгөн акча жыл соңунда түгөнөт