Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Түркмөнстанда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов кармалды


Худайберди Аллашов
Худайберди Аллашов

Журналисттин жакындарынын айтуусунда аны 1-декабрь күнү Дашөгүз облусундагы үйүнөн кармап, күч менен автоунаага салып кеткен. Ошондон бери дайынсыз болууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, Аллашов кармалардан бир нече күн мурда жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакырылган. Ал жактан сабалып, электр тогу менен кыйноого алынган. Азырынча бул маалымат ырастала элек. Анын суракка чакырылышынын себеби да белгисиз.

Худайберди Аллашов "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен 2016-жылы октябрь айынан декабрга чейин кызматташкан. Декабрда укук коргоо органдары анын радио менен кызматташарын билип, апасы экөөнү насвай сактоо боюнча жалган айып менен камакка алышкан.

Анда эне-бала жергиликтүү полиция бөлүмүндө кыйноого алынганы кабарланган. Мындан тышкары Мамлекеттик коопсуздук кызматы журналистин жубайы Эжеш Аразгылыжеваны да суракка чакырган.

Чет өлкөлүк дипломаттардын жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Аллашов менен апасы 2017-жылы февралда бошотулган. Бирок Түркмөнстандын мыйзамдарында насвай сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок экенине карабастан, сот аларды шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыраткан.

Аллашов эркиндикке чыккандан кийин "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташтыгын токтоткон. Бирок укук коргоо органдарынын ага карата куугунтугу улана берген. Мамлекеттик коопсуздук жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери жуналисттин Дашөгүздөгү үйүнө тез-тез каттап, аны эч себепсиз эле коркутуп кетип турган. Коркутуулар өзгөчө "Азаттыкта" Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы окуялар жөнүндө макала чыккан учурларда болуп турган .

2019-жылы октябрда Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аны кармап кетип, бир нече саат кыйнап, ур-токмокко алган. Ошол эле күнү кечинде журналисттин стресске кабылган апасы өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин ал жүрөгү кармап каза болгон.

Былтыр май айында жергиликтүү акимчиликтин аткаминери Аллашов менен анын жубайын катуу сабап, Эжеш Аразгылыжева ооруканага жеткирилген. Журналист өзү да медициналык жардамга муктаж болуп, дарыгерлерге кайрылган.

XS
SM
MD
LG