Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Жапонияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медал алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кыргызстандык спортчу 4-декабрда 48 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Токтобаяр Сувд Эрденени, жарым финалда аргентиналык спортчу Ледесма Дуре Рокиону утту.
Ал эми финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медал алды.
23-октябрда Кытайда өткөн Азия параоюндарында да Хангаи Шизукини финалда утуп, чемпион болгон. (GT)
Дагы караңыз
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы көбөйдү Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды ККМ маселесин парламентте талкуулоо сунушу колдоо тапты"Дарыгердин депозити" программасы кеңейтилүүдөАмантур Жумаев бокс боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болдуИндонезияда вулкан атылып, 11 киши каза тапты