Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы көбөйдү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен 4-декабрда билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-ноябрдан бери сасык тумоолоп дарыгерге кайрылгандар бир апта ичинде 5737 адам болду. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 687ге көп. Ал эми андан мурунку аптада 385 бейтапка көп катталган.

Ооругандардын 67 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар.

Буга чейин сасык тумоо көбөйгөн кырдаал сентябрь айында катталган.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG