Филиппинде католиктердин диний иш-чарасында болгон жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ жоопкерчилик алды. 3-декабрда болгон окуяда төрт кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашыгы жараат алган.
Иш-чара өлкө түштүгүндөгү Марави шаарындагы университеттик гимназияда өтүп жаткан. Бул калааны 2017-жылы беш ай радикал жоочулар басып турушкан.
Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос “чет элдик террорчулар ишке ашырган маанисиз жана жийиркеничтүү аракеттерди” айыптады.
Өлкө түштүгүндө жана баш калаа Маниланын тегерек-четинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Америка Кошмо Штаттары “үрөй учурган терактты” айыптады.
Дагы караңыз
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы көбөйдү Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды ККМ маселесин парламентте талкуулоо сунушу колдоо тапты