Индонезияда вулкан атылып, 11 киши каза тапты

Индонезиядагы атылып жаткан жанар тоо.

Индонезиянын Суматра аралындагы Марапи вулканы атылып, кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды. 12 адамдын дайыны белгисиз болууда.

Аларды издөө иштери коопсуздуктан улам убактылуу токтотулду. Марапи жанар тоосу 3-декабрда күндүз атыла баштаган. Маалыматка ылайык, ал райондо болжол менен 75 киши болгон. Алардын 45и коопсуз жакка көчүрүлдү. Вулкандан атылган күл үч чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир нече айылды каптады.

Жанар тоонун бийиктиги 2800 метрден ашат.

Марапи — Суматра аралындагы активдүү вулкандардын бири. 1979-жылы анын атылуусунан 60 киши набыт болгон. Индонезияда жалпы 127 жанар тоо бар.

Дагы караңыз

Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын" билдирди Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалганы кабарланды "Аманат" холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту