Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

"Аманат" холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Аманат" улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 4-декабрда билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 11-майындагы “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды. Бул жарлыкта “мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине "Аманат" улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген.

«Аманатка» 16 ири компания кирери, уставдык капиталы 100 миллион сом болору кабарланган.

Бул маселе парламентте быйыл 17-январда көтөрүлүп, депутат Улукбек Ормонов өкмөт буга чейинки тажрыйбасынан сабак алышы керек деген пикирин билдирип, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин мисал келтирген. Ал «“Улуу көчмөндөр мурасы” эмне болду? 700 миллионду жеп алды деп азыр түрмөдө отурат. Эми аны мамлекеттик бюджеттен төлөйбүз деп отурасыңар. “Аманатты” да бирөөгө түзүп берип, ага да бир миллиардды жедирип, жоёбуз дейсиңерби?», - деген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол кездеги төрагасы Мирлан Бакиров башкарууну бирдиктүү системага келтирүү максаты коюлуп жатканын айткан.

«Тизмеге ылайык акционерлер киргенде “Аманат” бир топ чоң компанияга айланат жана эл аралык соодага алып чыкканга мүмкүнчүлүк жаралат», - деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG