Израил Газадагы аскердик операциясын кеңейтти

Израил армиясы Газа тилкесиндеги жердеги операциясын кеңейтип, аймактын түштүгүндө да аракеттерин баштады. Бул тууралуу ЦАХАЛдын расмий өкүлү Дениэл Хагари 3-декабрдын кечинде билдирди. Ал эми Башкы штабдын жетекчиси Герцль Халеви Газа тилкесинин түштүгүндөгү операция түндүктөгүдөй эле “кубаттуу болорун” эскертти.

Израил армиясы ХАМАС ( АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмун жок кылуу максатында 7-октябрда Газага чабуулун баштаган.

Буга аталган радикал уюмдун 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.

Адегенде ЦАХАЛ абадан чабуул коюп, кийин жердеги операциясын баштаган. Анклавдын түндүгүндөгү жүз миңдеген тургундар түштүккө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бир аптага созулган ок атпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуудан кийин Израил армиясы операциясын жандантты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Газанын түштүгүнө танктар жөнөтүлдү. ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы жөөт армиясынын чабуулдарынан 15 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

УКМКнын башчысы Ташиев "уюшкан кылмыштуу топтун тору үзүлгөнүн" айттыУкраина: Бир суткада 65 кагылышуу болду Аба ырайы: күн ачык болот