Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

УКМКнын башчысы Ташиев "уюшкан кылмыштуу топтун тору үзүлгөнүн" айтты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушууда өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана коррупционерлерге каршы жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Коопсуздук кызматынын төрагасы Кыргызстанда коррупция кадимки көрүнүшкө айланганын белгилеп, мындан ары мамлекеттик кызматка баюу максаты менен келгендер болбостугун айтты.

"Уюшкан кылмыштуу топтор тор болуп чырмалышын, мамлекеттик органдарды, ишкерлерди, жөнөкөй адамдарды, бүт баарын байлап алышкан. Мына ушул торду, чырмалган, эч ким үзө албаган даап бара албаган торду биз үзүп, талкаладык. Мындан ары бир уюшкан кылмыштуу топ "Жалал-Абадды карайм" деп же болбосо коркутуп териштирүү кылгандар, ишкерлерден акча топтогондор болсо, шыйрагын сындырабыз. Ушундайлар болсо маалымат бергиле, шыйрагын сындырабыз андайлардын".

Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматтарда коррупция гүлдөп, тамырлашып кеткенин айтып, мамлекетти тоногондор, элдин ырыскысына кол салгандар түрмөгө камалганын, мындан ары да бул күрөш уланып, мыйзам үстөмдүгү иштерин эскертти.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-декабрда Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушту.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Атайын кызматтан маалыматына ылайык, бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG