3-декабрда Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясы билдирди.
Ал 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Өзбекстандын, Германиянын, Орусиянын жана Польшанын спортчуларын утуп финалга чыккан. Финалдык беттеште Армениянын спортчусун жеңип, дүйнө чемпиону болду. Бул Кыргызстандын тарыхында өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи алтын.
Амантур Жумаев 2023-жылдын октябрь айында бокс боюнча Азия чемпиону болгон.
Ереванда 24-ноябрда башталган өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионат 4-декабрда жыйынтыкталат. (BTo)
Дагы караңыз
“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыктыПрезидент Жапаров “Манас” эпосунун күнү менен куттуктадыЭгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталдыОпера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылдыЕАЭБдин ичинде эң аз айлык акы КыргызстандаAir Astana компаниясына 876 млн теңге айып пул салынды