Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыкты


“Дордой Моторс” базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 4-декабрь, 2023-жыл.
“Дордой Моторс” базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 4-декабрь, 2023-жыл.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” базардын профсоюз башчысы билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ишкерлер өкмөттөн патент системасын калтырып, ККМди жокко чыгаруу талабын коюп иш ташташты. Көбүнчө жашылча-жемиш, азык-түлүк жана автоунаанын тетиктерин саткан базарда 2000дей ишкер иштейт.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG