Куршабда чоң мечитте тутанган өрт өчүрүлдү

ӨКМ жарыялаган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында чоң мечиттен чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 2-декабрда кечки саат 9дарда кабар түшкөн. Үч бригада тартылып, 3-декабрга караган түнү, 12.35те толугу менен өрт өчүрүлдү.

"Өрт чалган аянт 800 чарчы метрди түздү. Учурда кырсыктын себеби иликтенип, такталып жатат",- деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган. Айрымдарында өрт өчүрүү жабдуулары жок экени, коопсуздук эрежелери сакталбаганы айтылган.

Жабылган мечиттер маселеси парламентте бир канча жолу көтөрүлгөн.

ӨКМдин билдиришинче, Кыргызстанда былтыр өрттөн 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.

Дагы караңыз

Өзбекстан: АКШга мыйзамсыз кетирүүнү убада кылгандар кармалдыБишкек шаарынын таштанды полигонуна 850 көчөт тигилдиЭлчилик: “Садоводдогу” өрттө кыргыз жарандары жабыр тарткан жокТуткундарды бошотуу: ХАМАС ок атышууну толук токтотуу шартын койду Садыр Жапаров элди жардамга муктаждарга күйүмдүү болууга чакырды