Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Туткундарды бошотуу: ХАМАС ок атышууну толук токтотуу шартын койду


ХАМАС тобу барымтага алган туткундардын сүрөтү. Алардын айрымдары бошотулду.
ХАМАС тобу барымтага алган туткундардын сүрөтү. Алардын айрымдары бошотулду.

ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех аль-Арури барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди.

Ал Катарда “Аль-Жазира” телеканалына курган маегинде ушул тушта куралдуу топтун барымтасында аскер кызматкерлери, же болбосо эркек-резервисттер калганын айтты.

Reuters агенттиги "Согуш өз нугу менен улана берсин. Бул акыркы чечим. Бул маселеде биз мунасага барбайбыз", -деген Салех аль-Аруринин сөзүн жарыялады.

Израилдин Чалгын кызматынын (“Моссад”) башчысы Давид Барнеа Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алганы белгилүү болгон.

Израилдин премьер-министринин администрациясы тараткан маалыматта бул Биньямин Нетаньяхунун көрсөтмөсү менен болгону, анткени сүйлөшүүлөр “туңгуюкка кептелип калганы” жазылган.

“Террорчул ”ХАМАС” уюму келишимдин бардык аялдарды жана балдарды бошотуу тууралуу бөлүгүн аткарган жок”,-деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин, 24-30-ноябрь күндөрү Газа тилкесинде гуманитардык тыныгуу жарыяланган маалда ХАМАС 100дөн ашык туткунду бошоткон. Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданган жана тараптар буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөгөн.

The Times of Israel басылмасынын ырасташынча, ХАМАС баштаган палестиналык топтор дагы 136 адамды барымтада кармап отурат. Алардын арасында 20 аял жана эки бала бар.

Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок уюм ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" эскерткен.

XS
SM
MD
LG