Орус аскерлеринин аткылоосунан Украинада кеминде эки адам мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Херсон жана Донецк облустарын аткылоодон кеминде эки киши мерт болду. Херсон облустук аскердик администрациясы маалымдагандай, аймакка 300дөн ашуун снаряд атылган. Натыйжада бир жай тургун набыт болуп, дагы бирөө жараат алды.

Донецк облусунун бийлиги Часов Яр шаарында ракета соккусунан бир адам мерт болуп, экөө жараат алганын билдирди.

Аткылоого Харьков облусунун чек арага жана фронтко жакын жайгашкан айыл-кыштактар да кабылды. Аймактын аскердик администрация башчысы Олег Синегубовдун сөзүнө караганда, авиабомбадан Куриловкадагы үй жана гараж кыйраган. Жай тургундар жабыркаган эмес.

Акыркы суткада орус армиясы Запорожье облусундагы 17 шаар-кыштакты 99 ирет аткылаганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Малашко 2-декабрда билдирди. Анын айтуусунда үй менен сарай жабыркаган.

Одесса облусуна 11 дрон менен чабуул жасалган, алардын ону жок кылынган. Аткылоолор жана жарылуулар Днепрде да болгону кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага алганын билдирип, көптөгөн далилдерге карабастан калктуу конуштарды, жарандык инфраструктураларга сокку урганын моюнга албай келет. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт"Соодагерлерди тукургандар бар". Бийлик ККМге каршы митингди иликтейтПалестина мамлекетин түзүү - Израил үчүн коопсуздук кепилдигиАба ырайы: Жаан-чачын болбойтИзраил Газа тилкесин бомбалоону улантууда