Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык майрамда түстүү фейерверктер - салют атылбай турганын билдирди.
Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, калаа башчылыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдойт.
Мэрия буга чейин эле келе жаткан 2024-жылды тосуу майрамдык программасына салют атуу киргизилбегенин кошумчалады.
Мурдараак “МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, Жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырган.
- 2021-2022-жылдары жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2022-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Жаңы жылдык салюттан баш тарткан.
- 2021-жылды тосууда коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган.
- 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган.(ZKo)