Ишембиге караган түндө Москва шаарында полиция ЛГБТ коомчулугунун түнкү клубдарына жана сауналарына рейд жасаганын "Осторожно, Москва" агенттиги жазды. Ага ылайык, шаардагы клубдардын биринде 300дөй адам чогулган кечеге полиция баңгизат издөө шылтоосу менен кирип барган.
Рейд учурунда клубдагылардын документтерин текшерип, паспортторун сүрөткө тартып алып, кое беришкен.
Ушундай эле текшерүүлөр шаардагы эки түнкү клубда, барда жана сауналарда болгон. Ал жактарда да полиция "баңгизат издеген". "Осторожно, Москва" агенттигине окуянын күбөсү: "Беткапчан полициячылар кирип келип, эс алуучулардын баарын жерге каратып жаткырып, тинтишти" деп айтып берген.
Санкт-Петербург шаарында "Борбордук бекет" деп аталган түнкү клуб жабылды. Клубдун "ВКонтакте" соцтармагындагы баракчасында: "Биз ижарага алган жер "Мыйзамга каршы келет" деп бизге берүүдөн баш тартты. Кечирим сурайбыз, мындан ары иштебейбиз. Жаңыдан жолугушканча" деп жазылган.
30-ноябрда Орусиянын Жогорку соту "эл аралык ЛГБТ+ кыймылын" экстремисттик деп таап, өлкө аймагында ишмердүүлүк кылуусуна тыюу салган. Соттун чечими уюмдун эн белгилери менен көчөгө чыгууга тыюу салат, ал эми бул коомчулук тууралуу оң пикир айткандардын сөзү экстремизмди колдоо же экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу деп саналышы ыктымал.
Орусияда "эл аралык ЛГБТ+ кыймылы" жок болгондуктан, бул тыюу кайсы уюмдардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү болору белгисиз. Айрым юристтер сот чечими ЛГБТ клубдарга жана укук коргоочу уюмдарга тийиштүү болорун, ошол эле учурда Орусияда жашаган ЛГБТ коомчулугуна да тийиши ыктымалдыгын айтышууда.