Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Украинадагы согушта 38 миңден ашуун орусиялык аскерлер өлгөн


Согушта өлгөн аскерлердин мүрзөсү.
Согушта өлгөн аскерлердин мүрзөсү.

Орусия Украинага кол салгандан бери орус армиясынын 38 261 жоокери набыт болду. Мындай маалыматтарды Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүндө жарыялады.

Иликтөөчүлөрдүн маалымдашынча, 17-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта каза болгондордун тизмесине 1200 адамдын аты-жөнү кошулган. Журналисттер аскерлердин өлүмү көбөйүп жатканын фронттогу катуу салгылашуулар менен байланыштырууда.

Маалыматка ылайык, ноябрдын башынан тарта Донецкиден алыс эмес жайгашкан Авдеевкада набыт болгон жоокерлерге жазылган некрологдордун саны өскөн. Херсон облусунда - Днепр аралы жана Крынки кыштагындагы салгылашуулар күч алган аймактарда өлгөндөр тууралуу кабарлар көбөйгөн.

Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге Украинадагы согуш башталгандан тартып, анда өлгөндөрдүн эсебин жүргүзүп келет.

Иликтөөдөгү жоготуулар коомчулукка ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде эсептелген. Журналисттер өлгөндөр жөнүндө, алардын тажыялары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркумдардын жакындары жазган маалыматтарды колдонушкан. Авторлор жоготуулардын реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Орусия да, Украина да согуштагы жоготуулары тууралуу ачык маалымдабайт. Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда согушта 5937 аскери өлгөнүн билдирген. Быйыл жазында америкалык чалгын кызматынын маалыматтарында Украина 17 миңге чукул аскеринен ажыраганы, 110 миң чамалуу жоокери жаракат алганы тууралуу жазылган.

XS
SM
MD
LG