Путин орус армиясынын санын көбөйтүүнү буйруду

Орусиянын армиясындагы кызматкерлердин саны дээрлик 170 миң адамга көбөйөт. Мындай жарлыкка президент Владимир Путин 1-декабрда койду. Документ Кремлдин сайтына жарыяланып, кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирерин ТАСС кабарлады.

Путиндин буйругуна ылайык, куралдуу күчтөрдөгү аскерлердин саны 2 млн 209 130 адам болот, анын ичинде 1 млн 320 миң адам аскер кызматкерлери. Буга чейинки документте бул көрсөткүч 2 млн 039 758 адам болчу, анын ичинде 1 150 628и аскер кызматкери. Күчүн жоготкон буйрук 2023-жылдын 1-январынан тарта иштеди.

"Куралдуу күчтөрдүн штаттык санын көбөйтүүгө - атайы аскердик операцияга байланыштуу биздин өлкөгө коркунуч күч алышы жана НАТО улам кеңейип баратканы себеп болду", – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле өлкөдө жаңы мобилизация пландалбаганын билдирип, аскерлердин саны өз эрки менен келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен көбөйөрүн маалымдады.

Орусияда аскерге мобилизация 2022-жылы күзүндө жүргөн. Ал убакта орус куралдуу күчтөрүнүн катарына 300 миңдей киши чакырылганы кабарланган.

Аскерге чакырылгандарды окутуп-үйрөтүүгө, кийим-кечесине жана тамак-ашына каражат жетишсиз экени айтылып келет. Ушундан улам орус армиясында жоготуулар күч экенин Украинадагы согушта набыт болгон аскерлердин санын иликтеген журналисттер белгилеп келет.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Би-Би-Синин орус кызматы Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.

Дагы караңыз

Кырым: Сталинчи ж.б. империячылар жоюуга далаалат кылган тарыхый жер-суу аталыштарыБазарбеков: УКМК сот ишинин сапатына жооп бере албайтБайкал-Амур магистралында соңку бир суткада экинчи поезд жардырылганы кабарландыӨзбекстанда бийликти сындап келген блогер сегиз жылга кесилдиИзраил Газага чабуулун жанданттыФейсбуктагы посту үчүн иш козголгон Бектемир Төлөн уулунун кылмыш иши кыскарды