Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Фейсбуктагы посту үчүн иш козголгон Бектемир Төлөн уулунун кылмыш иши кыскарды


Бектемир Төлөн уулу
Бектемир Төлөн уулу

Коомдогу түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык жазып жүргөн Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Бектемир Төлөн уулуна козголгон кылмыш иши тергөөдөн кыскартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Агзам Дүйшөналиев 1-декабрда билдирди.

"Биз кошумча экспертиза өткөрүүгө өтүнүч келтиргенбиз, ага психолог, социолог катышып, иште "кастыкты козутуу жок" деп кортунду чыгарган. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин тергөөдөн ноябрь айында кыскартты", - деди Дүйшөналиев.

Бектемир Төлөн уулу ушул жылы 22-августта милицияга Фейсбукка жазган жана бөлүшкөн маалыматтары үчүн суракка чакырылганын билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Бектемир Төлөн уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен кылмыш ишин козгогон.

54 жаштагы Бектемир Төлөн уулу мектепте орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген. Фейсбукта ал комузчу, аккордеончу, акын жана түрдүү коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирген колдонуучу катары таанымал.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (MKt)

XS
SM
MD
LG