Бакуда көз карандысыз басылманын дагы бир журналисти кармалды

Журналист Наргиз Абсаламова.

Азербайжанда Abzas Media көз карандысыз иликтөөчү сайтынын дагы бир журналисти аткезчилик ишине байланыштуу кармалды. Наргиз Абсаламованын жакындары билдиргендей, 30-ноябрда ал экинчи жолу суракка чакыртылып, көп өтпөй акча аткезчилигине айыпталып кармалды. Маалыматты 1-декабрда Ички иштер министрлигинин өкүлү Ибрагим Амирасланды "Туран" агенттигине ырастады.

Абсаламова соңку күндөрү кармалган Abzas Media сайтынын төртүнчү өкүлү. Эки апта мурда агенттиктин директору, башкы редактору жана дагы бир журналисти кармалган.

Полиция алардын кеңсесинде 40 миң евро накталай акча табылганын билдирген.

Журналисттердин айтымында, бийлик жемкорлук тууралуу жасаган иликтөөлөрү үчүн алардан өч алып жатат.

“Биз президент жана ал дайындаган аткаминерлер ишке ашырган коррупциялык кылмыштар тууралуу иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаганбыз. Кармоолордун баары ушуну менен байланыштуу”,-деп жазылат басылма тараткан билдирүүдө.

Эл аралык мунапыс уюму кармалган журналисттерди бошотууну расмий Бакудан талап кылды. Ал эми Хьюман Райтс Вотч (HRW) уюму азери бийлигин “аларды сындагандарды күмөндүү кылмыш иштер аркылуу куугунтуктап жатканы үчүн” айыптады.

Дагы караңыз

Мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн келишим түзүлөтУКМК опера жана балет театрынын директору кармалганын билдирдиНавальныйга каршы жаңы кылмыш иши козголду