1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Алмазбек Истамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган. 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген. (BTo)
Дагы караңыз
Навальныйга каршы жаңы кылмыш иши козголду Жээнбеков абактын жетекчилигинен аны китепканачы кылып дайындоону сурандыКыргызстанда ВИЧ жуктурган 3200дөн ашуун бейтап көз жумган Назарбаев жаңы китебинде бейрасмий никеси жана уулдары тууралуу сырын ачты Быйыл Ысык-Көлдө эс алгандар 1,3 миллионго жетти Орусияда сот "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналистинин камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарттыККМге каршы нааразылык акциясы Ошто да өтүп жатат Окуучунун мектептеги бир күндүк тамагына өкмөттөн 14 сомдон бөлүп туруу каралууда