Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

Жээнбеков абактын жетекчилигинен аны китепканачы кылып дайындоону суранды


Равшан Жээнбеков. 2022-жылы тартылган сүрөт.
Равшан Жээнбеков. 2022-жылы тартылган сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков өзү кармалып турган абак жетекчилигине 30-ноябрда түрмөнүн китепканачысы кылып иштетүүнү суранып арыз берди.

Ал арызды Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Түрмөдө китепканачы жок. Китепкананы пайдалануу механизми иштелген эмес. Китептер эски. Түрмөдө Куранды, Ислам эрежелерин үйрөнүүчүлөр көп, бирок зарыл болгон исламдык теологиялык китептер жок”, - деп жазылган арызда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG