Украинада орус күчтөрүнүн 18 дрону атып түшүрүлдү

Орусиянын армиясы Украинанын аймагын "Шахед" жанкечти-дрондору менен аткылоодо.

Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 1-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы 25 жанкечти дрон жана эки X-59 ракетасы менен аткылады.

Маалыматка караганда, дрондор аннексияланган Крымдан жана Краснодарск аймагындагы Приморск-Ахтарск шаарынан учурулган. Ракеталар Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн атылган.

Украин армиясы 18 дронду жана бир ракетаны абадан атып түшүргөнүн билдирди.

Николаев, Херсон, Запорожье жана Днепропетровск облустарында абадан коргонуу системалары иштеди. 1-декабрга караган түнү баш калаа Киевде жана Киев облусунда сиреналар жаңырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү билдиргендей, 1-декабрда эртең мененки саат сегиздерде Кара деңиз акваториясынын батыш бөлүгүндө “Крым жарым аралын көздөй багыт алган украин күчтөрүнүн экипажсыз катери” жок кылынды.

Расмий Киев Орусиянын Коргоо министрлигинин бул билдирүүсүнө реакция жасаган жок.

Дагы караңыз

ККМ колдонууга каршы соодагерлер Караколдо да акцияга чыгыштыУКМК мурдагы аким “сойкулукка тартуу” беренеси боюнча кармалганын билдирдиИзраил Газада ХАМАСка каршы операциясын кайра улантканын жарыялады