Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:28

Израил Газада ХАМАСка каршы операциясын кайра улантканын жарыялады


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады. Мекеме Телеграмдагы каналы аркылуу 1-декабрда АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп таанылган ХАМАС тобу атышпоо режимин бузду жана Израилдин аймагын аткылады деп айыптады.

Билдирүүдө ХАМАС атышуудагы “оперативдик тыныгуу” шартын бузганы, Израил тарапка ок чыгарганы, Газа сектору менен чектешкен аймактагы конуштарга ракета менен аткылаганы, анын баары абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүлгөнү айтылды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Ошондон кийин Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG