Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасын 4:2 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты.
Муну менен "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.
30-ноябрда өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасы биринчи таймда эки гол киргизип алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Абдыш-Ата" клубунун жарым коргоочусу Фархад Мусабеков эки гол киргизип эсепти теңесе, Эрнист Батырканов менен Эммануэль Ягр бирден гол киргизип, оюн 4:2 менен жыйынтыкталды.
Клубдар арасындагы АФК Кубогунун тайпалык оюндарында "Абдыш-Ата" түркмөнстандык "Мерв", "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Равшан" клубу менен Е тайпасында ойноп жатат. Тайпада командалар бештен оюн өткөрүшүп, "Абдыш-Ата" 13 упай топтогон. "Алтын-Асыр" командасы 7 упай менен экинчи орунда. "Мерв" менен "Равшан" командалары үчтөн упай топтогон.
АФК Кубогунун 2023-2024 сезонунда тайпалык баскычтагы оюндарына 36 клуб катышып жатат. Жыйынтыгында алардын тогузу плей-офф баскычына чыгат.
АФК Кубогу - Азия футбол конфедерациясы уюштурган АФКнын чемпиондор лигасынан кийинки экинчи мелдеш. Кыргызстандык футбол клубдар АФК Кубогуна 2014-жылдан бери катышып келет. Мелдешке өлкө чемпиондугун уткан команда менен Кыргызстандын Кубогун уткан эки клуб жолдомо алат. Буга чейин бул мелдешке "Алай", "Дордой" жана "Нефтчи" командалары катышкан.
“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы негизделген. Эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун уткан. (GT)
Дагы караңыз
Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери митингге чыгыштыККМге каршы нааразылык акциясы Ошто да өтүп жатат Турак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирдиМектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан үч окуучу аныкталды“Дордой”: митингдеги окуяга байланыштуу милиция бир кишини кармады Ташиев чек ара боюнча жолугушууларга катышуу үчүн Тажикстанга учуп кетти