Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

Мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан үч окуучу аныкталды


Бомба тууралуу жалган маалымат берген делген окуучулар. УКМК тараткан сүрөт.
Бомба тууралуу жалган маалымат берген делген окуучулар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 30-ноябрда өзү окуган мектепте теракт болот деп жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан үч окуучу аныкталганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, борбордогу №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары бейбаштык кылып мектептин электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөткөнү такталган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу үчүн фейк аккаунттарды колдонуп, билим берүү мекемесинин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жиберген.

УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертти.

Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же айыпка жыгылат. Беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы да каралган.

Бомба тууралуу маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланган окуялар болгон. Маалымат тастыкталган эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG