“Дордойдун” соодагерлери Акылбек Жапаровдун келишин талап кылууда

“Дордой” базарында нааразылык акцияга чыккан соодагерлер. 30-ноябрь, 2023-жыл.

30-ноябрда нааразылык акциясына чыккан “Дордой” базарынын айрым соодагерлери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин келишин талап кылууда. Алар өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтышууда.

Акцияга чыккан ишкерлер базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагындагылардын ишинин тартибинде көп түшүнбөстүктөр бар экенин билдиришти.

29-ноябрда эле Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.

Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo/KS)

Дагы караңыз

“Дордой” базарынын айрым соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты Депутат Түлөбаев ишкерлерге салык системасы тууралуу маалымат жетпей жатканын айттыУКМК Сузакта “Йакын инкар” агымынын активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирдиСоциалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмоб өтүп жататАлматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болдуАКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Киссинжер 100 жашында дүйнө салды