Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Депутат Түлөбаев ишкерлерге салык системасы тууралуу маалымат жетпей жатканын айтты


Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды.

Ал Кыргызстандагы чоң-чоң базарлар – “Дордой”, Кара-Суу, “Ош” базарларында иштеген соодагерлер салыкты кандай төлөй турганы тууралуу дагы деле маалыматы жок экенин билдирди.

“Киреше 8 миллиондон ашса эмне болот, 10 миллиондон ашса кандай болот, 20 миллиондон көп болсо эмне болот эч ким билбейт. Ушундан улам чатак чыгып атат. Өкмөт ушул чоң базарларга салык системасын жакшы билген адистерди жиберсеңер. Барып 10 күн түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Иштебесеңер айткыла да биз барып түшүндүрөлү”.

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.

Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулушат. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG