Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды

Индиянын Уттаракханд штатында жол туннелинин урандыларынын астында калган 41 жумушчунун баары 28-ноябрда сыртка аман-эсен чыгышты. Куткаруу иштери 17 күнгө созулганын маалымат каражаттары жазышты.

Премьер-министр Нарендра Моди куткарылгандарга кайрылып, алардын кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы өлкө элин шыктандырганын айтты. Транспорт министри Нитин Гадкари "кубанып, жеңилдеп калганын" билдирди.

12-ноябрда Уттаракханддагы 825 чакырымдык шосседе туннель кулап, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жасап жүргөн 41 жумушчуну басып калган эле.

Куткарууга жүздөн ашык адам катышты. Уранды астында калгандар менен скважина аркылуу байланышты кармап, тамак-аш, дары-дармек жеткирип турушту.

Дагы караңыз

Парламент желекти өзгөртүү долбоорун биринчи окууда кабыл алдыСамыйкожо тууну өзгөртүү долбоору биринчи окууда мыйзам бузуу менен өткөнүн айттыШакиев туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын билдирди