Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Шакиев туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын билдирди


Сол жагындагы Кыргызстандын азыркы желеги, сол тарабындагы эки депутат сунуштаган туунун жаңы варианты.
Сол жагындагы Кыргызстандын азыркы желеги, сол тарабындагы эки депутат сунуштаган туунун жаңы варианты.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Документтин дагы бир автору, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди. Бирок кайсы демөөрчүлөр экенин ачыктаган жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

“Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө. 29-ноябрга карата сурамжылоого 20 миң киши катышты. Алардын 78% учурдагы туу калсын деп добуш берди. 5% эки депутат сунуштаган, 14% президент сунуштаган вариантты колдоду. 3% депутаттар иштеп чыккан баштапкы вариантына добуш беришти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG