Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияга катышып жаткан ишкерлер кабарлады.
Ал соодагерлер ККМге жана 2024-жылдан баштап буга чейин калып калган товарлардын эсеп-фактурасы жок болсо айып салынат деген чечимге каршы болуп жатканын айтты. Ишкерлердин айрымдары администрациянын имаратына кирип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп жатат.
Кара-Суу Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Базарда 5 миңден ашык киши иштейт.
Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)
Дагы караңыз
Шакиев туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын билдирдиЖапаров жаштарды билимге инвестиция салууга чакырдыСадыр Жапаров бажыдагы “мафия” жок кылынганын айтты