Тажикстандагы аялдардын 78% зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болушат – БУУнун Өнүктүрүү программасынын Тажикстандагы кеңсеси жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы ушундай.
2019-жылы жасалган изилдөөнүн отчёту быйыл 27-ноябрда жарыяланды. Уюмдун X социалдык түйүнүндөгү баракчасына чыккан маалыматта аялдардын 31% экономикалык, 21% психологиялык, 20% физикалык жана 6% сексуалдык зомбулукка кабылары белгиленген. "Бирок чыныгы статистика алда канча жогору болушу мүмкүн", - деп эсептешет изилдөөнүн авторлору.
Тажикстандын бийлиги БУУнун баяндамасына комментарий берген жок.
Баяндама “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк” өнөктүгүнүн алкагында жарыяланды. Бул өнөктүк жыл сайын дүйнө жүзүндө 25-ноябрда башталып, 10-декабрда - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.
Дагы караңыз
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырдыАкылбек Жапаров Лондондо Кыргызстанда 15 миңден ашуун кен табылганын айттыАбак күндөлүгү: Бүгүн эсибизге келип, түз жол издөөгө милдеттүүбүзКатар: Израил менен ХАМАС ок атышпоо режимин эки күнгө узартууну макулдашты