Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:28

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими 28-ноябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ноябрь айында инфляциянын көрсөткүчү 8% болду. Өлкөнүн Ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү январь-октябрь айларында 4,5%, “Кумтөр” алтын кенин кошуп эсептегенде 6,5% түздү.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG