Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү

Акын Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган республикалык айтыштын баш байге ээси Асылбек Маратов.

27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150 миң сом менен сыйланды.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо ээ болсо (100 миң сом), Баян Акматов үчүнчү орунга татыды (80 миң сом).

Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда өтүп, 40 акын катышкан.

Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиев 1883-жылы Жумгал өрөөнүндө туулган. Жаш чагынан төкмөлөр мектебин түптөгөн акын Токтогул Сатылгановго шакирт болгон. “Кара жаак акын” аталган Калык Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Эшмамбет сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын чебери эсептелет. Эки доорду көргөн акын, ырчылык татаал жолу тууралуу “Баскан жол” атындагы чыгармасы айрыкча белгилүү. Акиевдин чыгармачылыгында бул мемуардык повесть маанилүү орунду ээлейт. Төкмө акын 1953-жылы 70 жашында дүйнөдөн кайткан. (MZh)

Дагы караңыз

Министрлик шектүүлөргө тагыла турган электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жататЖелекти өзгөртүү тууралуу долбоор парламент комитетинде каралатУлуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды