Аннексияланган Крымда катуу шамал киши өмүрүн алды

Орусия аннексиялап алган Крымдагы катуу шамал менен жаандан жабыркагандарга жардам берип жаткан куткаруучулар. 26-ноябрь, 2023-жыл.

Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралында катуу шамал менен коштолгон жаан-чачындан 26-ноябрда киши өмүрү кыйылып, дагы бири жараат алды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарым аралдын айрым райондорунда чукул кырдаал режими жарыяланганын аймактын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирди.

Маалыматка караганда, Крымда 500 миңдей киши электр жарыксыз калды. Poseidon мониторинг системасынын билдирүүсүнө ылайык, аннексияланган аймактын жээгиндеги толкундардын бийиктиги 8-9 метрге чейин жетүүдө.

Жергиликтүү Телеграм-каналдар жазгандай, катуу шамал турак жайлардын чатырын учуруп, бактарды жана электр мамыларын кулатып атат.

Аксенов жарым аралдын аймагында электр жарыгы эки суткада калыбына келтирилерин билдирди.

Евпаториянын 200дөй тургуну коопсуз жакка көчүрүлгөнү кабарланды. Андан тышкары Севастополдогу аквариумда 500-800дөй деңиз жаныбары өлгөнү маалым болду. Бул тууралуу аталган аймактын Москва дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдирди. Симферополдо нөшөрлөгөн жаандан Салгир дарыясы өз нугунан чыгып кетти.

Дагы караңыз

Газа: туткундан бошотула тургандардын тизмеси боюнча кайчы пикир жаралдыЫрыс Жекшеналиевдин сотунда адвокаттарга сөз берилдиЧеченстандык активист Мовлаев Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болду