Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:01

Газа: туткундан бошотула тургандардын тизмеси боюнча кайчы пикир жаралды


Израил түрмөсүнөн бошотулган палестин жигит энесин кучактап жатат.
Израил түрмөсүнөн бошотулган палестин жигит энесин кучактап жатат.

Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда бошотула турган барымтадагылардын жана түрмөдөгү палестиндердин тизмеси боюнча пикир келишпестик жаралды. Катардык ортомчулар бул боюнча иштеп жатканын израил маалымат каражаттары жазышты. Азырынча талаш-тартыштын так себеби эмнеде экени белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАС радикал уюму израил түрмөлөрүндөгү алты аялды бошотууну талап кылууда. Ал эми 27-ноябрда бошотула тургандардын тизмесинде алардын аты-жөнү жок болуп чыккан.

Дүйшөмбүдө ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 11 израилдикти бошотууга тийиш. Алардын тизмеси 26-ноябрдын кечинде Израил бийлигинин колуна тийген. Жекшембиде жоочулар туткундагы 14 адамды, анын ичинен тогуз баланы Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Эки тараптын ортосунда түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирген соңку үч күндүн ичинде хамасчылардын барымтасынан 39 израилдик, ал эми израил түрмөлөрүнөн 117 палестин бошотулду.

Андан тышкары ХАМАС радикал уюму барымтадагы чет элдиктерди дагы бошотууда. Ал мамлекеттердин бийликтери менен өз ара түзүлгөн макулдашуунун алкагында ишке ашып жатат.

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 240тан ашуун туткундан 50нү бошотот. Алардын катарына туткундагы чет өлкөлүктөр кирбейт. Аларды ХАМАС экстремисттик уюму мамлекет лидерлери менен өз ара макулдашуунун жыйынтыгында коё берүүдө.

Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG