Букер премиясына ирландиялык жазуучу Пол Линч татыды

Ирландиялык жазуучу Пол Линч.

Адабият айдыңындагы абройлуу Букер сыйлыгына 46 жаштагы ирландиялык жазуучу Пол Линчи “Пайгамбардын ыры” деген аталыштагы антиутопия романы үчүн татыды. Премияны тапшыруу аземи 26-ноябрдын кечинде Лондондо өттү.

Пол Линчиге 57 миң евро акчалай сыйлык тапшырылды.

“Пайгамбардын ыры” анын бешинчи романы. Чыгармада үй-бүлөсүн тоталитаризмден сактап калуунун аракетин көргөн төрт баланын энесинин күрөшү чагылдырылган.

Калыстар тобунун башчысы, канадалык жазуучу Эси Эдугян романды “жан дүйнөгө таасир эткен, чынчыл чыгарма” деп сыпааттады.

Букер премиясы 1969-жылдан бери ыйгарылып келет.

Дагы караңыз

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттүУкраина: Авдеевканын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жататТашкентте синагоганын дубалында палестиндерди жактаган жазуулар пайда болду