Ташкенттеги синагоганын дубалына белгисиз адамдар палестиндерди жактаган ураандарды жазып кетишти. Бул тууралуу AZfront Телеграм-каналы өз катталуучуларына шилтеме жасап кабарлады. Өзбек бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин аталган канал Израилдеги Диаспоралардын иши боюнча министрликтин ички документине шилтеме жасап, Ташкентте жөөттөрдүн эл аралык “Хабад” кыймылынын эки өкүлүнө кол салуу болгонун кабарлаган. Израил тарап бул окуядан кийин Өзбекстанда антисемитизм күчөшү мүмкүн экенин эскерткен.
Расмий Ташкент Өзбекстандагы синагогалар жана жөөттөргө тийиштүү башка жайлардагы коопсуздук чараларын күчөткөн.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда азыр 10 синагога бар. Ташкентте үч, Самарканд менен Бухарада экиден, калгандары Кокон, Фаргана, Маргалан жана Анжиянда жайгашкан.
1926-жылдары Өзбекстанда 19 миңдей жөөт болгон. 1989-жылы алардын саны 29 миңге жеткен. Анын ичинен 4200ү бухара жөөттөрү эле. 1990-жылдардын башында алардын көбү АКШ, Израил жана Европанын ар кайсы мамлекеттерине чыгып кетишкен.
Дагы караңыз
Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберетКыргызстандан 70 миңдей доллар чыгарып кетүүгө аракеттенген орус жараны кармалдыОрус армиясы Херсонго 56 жолу сокку урду