Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберет


Ооганстанга жиберели турган гуманитардык жардам.
Ооганстанга жиберели турган гуманитардык жардам.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жакынкы күндөрү Ооганстанга 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, беш тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жөнөтүлөт.

Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу-тарапа, гигиеналык каражаттар алынды.

7-октябрда Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Ооганстандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титрөөдөн 2000ден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алды. 1300дөн көп турак жай жабыркаган.

Бул акыркы 20 жылдан берки Ооганстандагы эң кандуу зилзала болуп калды. (BTo)

XS
SM
MD
LG