Борбор калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, Свердлов районунун акими болуп Алтынбек Кутманов дайындалды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда таратты.
Ага ылайык, райондун акими президент Садыр Жапаровдун "Президенттик администрациядагы саясий кызматтагы мамлекеттик кызматкерлердин ротациялоо" тууралуу буйругунун негизинде алмаштырылды.
Алтынбек Кутманов буга чейин президенттик администрацияда иштеген.
Райондун мурдагы акими Максатбек Саргазаков - Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.(ZKo)
Дагы караңыз
Сүлүктү: Салыктан качкан "көмүр мафиясы"Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 4 484 адамга жеттиКазакстанда ондон ашуун активист жапырт кармалдыДублинде көчөдөгү кол салуудан кийин башаламандык тутанды