Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Дублинде көчөдөгү кол салуудан кийин башаламандык тутанды


Дублиндеги башаламандык маалында өрттөлгөн автобус. 23-ноябрь, 2023-жыл
Дублиндеги башаламандык маалында өрттөлгөн автобус. 23-ноябрь, 2023-жыл

Ирландиянын баш калаасы Дублинде 24-ноябрга караган түнү тутанган башаламандыкта бир нече коомдук транспорт, полициянын автоунаасы өрттөлүп, дүкөндөр тонолуп, коомдук жайлар зыянга учурады.

Британиялык Sky News басылмасы жазгандай, көчөгө чыккан жүздөгөн адам тартип коргоочуларга карай бөтөлкө жана башка буюм-тайымдарды ыргыткан. Полиция тополоң уюштургандарды айыптап, аны оңчул экстремисттерден көрдү.

Көчөгө чыккандар мигранттарга каршы ураандарды чакырып жатышты. 24-ноябрдын таңында полиция тополоң басылганын билдирди.

Башаламандыктын тутанышына Дублиндин борборунда белгисиз адамдын көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышы түрткү болду. Окуя бала бакчанын жанында болгон. Маалыматка караганда, андан үч бала жана бала бакчанын тарбиячысы жараат алган. Беш жаштагы секелек ооруканага оор жараат менен жеткирилгени кабарланды.

Шектүү дароо эле кармалганын билдирген полиция анын тек-жайын атаган жок. Маалымат каражаттары ал алжир тектүү жаран экенин жазышты. Бул маалымат ырастала элек. Кылмышкер эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG