Италияда студент кыздын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынды

Италияда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар. Милан. 22-ноябрь.

Италияда кезектеги фемицидден кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынды.

18-ноябрда 22 жаштагы Жулия Чеккетиндин кара баштыкка салынган сөөгү көл жээгинен табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, судмедэксперттер маркумдун денесине 26 жолу бычак сайылганын аныкташкан. Чеккетиндин өлүмүнө анын мурдагы жигити шектелүүдө.

Көчөдөгү видеокамераларга тартылып калган кадрларда Филипп Туретто атуу адам кызды уруп-сабап, машинага салып кеткенин көрүүгө болот. Бул окуядан кийин Туретто Германияга качып кеткен. Учурда аны Италияга экстрадициялоо күтүлүп жатат. Окуядан кийин Италияда миңдеген кишилердин катышуусунда жүрүштөр, мектеп, университеттерде акциялар өттү.

23-ноябрда Италия парламенти аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды чукул кабыл алды.

Ага ылайык, эми зомбулук көрсөткөн адамдарга атайын байкоо жүргүзө турган электрондук каражат тагылат жана башка чаралар көрүлөт.

Дагы караңыз

Газа тилкесинде согуштук аракеттер убактылуу токтодуПрезидент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту Эскилиги жеткен мектептердин кышка даярдыгы боюнча маселе көтөрүлдү