Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Эскилиги жеткен мектептердин кышка даярдыгы боюнча маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте эскилиги жеткен мектептердин кышка даярдыгы боюнча маселе мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусу менен өткөн жыйында талкууланганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн 24-ноябрда маалымдады.

“Шаар башчысы көйгөй жаратышы ыктымал имараттарды ыкчам аныктап, оңдоп, соңку бир ай ичинде авариялык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча 16 мекеменин үчөөндөгү иштерди тез арада аягына чыгаруу тапшырмасын берди. Район жетекчилери жарым-жартылай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн объектилерде да түтүктөр жарылып жатканын белгилешти. Себеби көпчүлүк билим берүү мекемелери 1970-жылдары курулгандыктан бүгүнкү күндө ал мектептердин имараттары жараксыз абалга келген”, - деп билдирди мекеме.

Шаардагы социалдык объектилерди тейлеген 22 откана көмүрдөн газга өткөрүлгөнү, азыркы тапта базаларда сатыкка коюлган 3 миң тоннадан ашуун көмүр бар экени, жылуулук магистардарын сапаттуу куруу талабы коюлганы белгиленди.

Бишкекте 70 чакты откана бар, анын 22синде отун катары газды колдоно башташканы, буга шаардык бюджеттен 47 миллион сом бөлүнгөнү эки ай мурда кабарланган.

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылы кырсык болуп, кыш чилдеде шаардыктар бир нече күн жылуулуксуз калышкан. Мунун айынан чоң саясий чыр чыгып, бир катар чиновниктер жемкорлукка айыпталып соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG