Түркмөнстандык укук коргоочу Түркияга киргизилген жок

Тажигүл Бегмедова

Болгарияда жайгашкан Түркмөн Хельсинки фондунун жетекчиси Тажигүл Бегмедова 22-ноябрда Стамбул аэропортуна келгенде кайра Болгарияга депортацияланган. Укук коргоо уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, ага Түркияга кирүүгө беш жылга тыюу салынган.

Бегмедова Стамбулдан Бишкекке учуп, адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын "Бир дүйнө Кыргызстан 2023" эл аралык фестивалына катышмак.

Аэропортто паспорттук текшерүүдөн кийин аны өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын бөлмөсүнө алып кетишкен. Укук коргоочунун манжа изи алынып, сүрөткө тартылып, буюмдары тинтилген.

Бегмедова Түркмөнстандагы адам укуктарынын бузулушуна басым жасаган жана Түркиядагы түркмөн мигранттарына юридикалык жардам көрсөткөн укук коргоочу.

Укук коргоочулар Түркия түркмөн активисттери үчүн кооптуу өлкө болуп баратканын айтышууда. Маалыматтарга ылайык, Түркия акыркы айларда кеминде алты түркмөн активистин Түркмөнстанга депортациялады. Бул активисттер социалдык тармактарда түркмөн бийлигин кескин сындап чыгышкан. Укук коргоочу уюмдар Түркиядан депортацияланган активисттердин тагдырына тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Дагы караңыз

Газа: Согушту токтотуу жараяны жумага жылдыТашталган балдардын тагдыры, улутту ойлонтчу абал Башкы прокуратура "Кумтөргө" байланыштуу козголгон иштер боюнча маалымат бердиЖККУ: Армениянын таарынычы, абадан коргонуу, Газадагы абалСүлүктү: Көмүр кендерин ээлеп алган аткаминерлер